Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин «Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин кабиналык экипаж мүчөлөрү жөнүндө жобосун» бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ 2025-жылдын 29-сентябры № 01
«Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин кабиналык экипаж мүчөлөрү жөнүндө жобосун» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 «Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бирдейликти камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1.«Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин кабиналык экипаж мүчөлөрү жөнүндө жобосу» мамлекеттик жана расмий тилдерде тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- ушул буйрук аткарууга кабыл алынсын;
- ушул буйрук Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялансын;
- ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук түрдө электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн күчүнө кирген күндөн тартып жети иш күнүнүн ичинде жөнөтүлсүн;
3. Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, ведомстволорунда, жарандык авиация тармагындагы уюмдарында жана окуу борборлорунда «Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин кабиналык экипаж мүчөлөрү жөнүндө жобоcу» аткарууга кабыл алынсын.
4. Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 20-июлундагы № 03-238 «Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатациялоочуларынын ишмердүүлүгүнө сертификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн тартиби боюнча «Кабиндик экипаждын жетекчилигин боюнча нускамасын»», «Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатациялоочуларынын ишмердүүлүгүнө сертификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн тартиби боюнча «Кабиндик экипажды даярдоо программасы боюнча нускамасын»» жана «Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатациялоочуларынын ишмердүүлүгүнө сертификациялоонун жана көзөмөлдөөнүн тартиби боюнча «Жүргүнчүлөр үчүн коопсуздук боюнча нускамасын» бекитүү жана күчүнө киргизүү жөнүндө» буйругунун 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 26-майындагы № 06-2 «Кыргыз Республикасынын кабиналык экипажы жөнүндө» Директивасы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйрук кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Директордун орун басары
К.Т. Төлөгөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.