# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 20-октябры № 224 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 20-октябры № 224 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033239>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230033239/edition/39273/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033239.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 20-октябры № 224 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (20.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033239

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 20-октябры № 224

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033239/st-1)

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 141-берененин 1-бөлүгүнүн 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "18) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коммерциялык эмес жана коомдук уюмдары, алардын мекемелери, окуу-өндүрүштүк ишканалары жана бирикмелери, I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын ата-энелери жана камкорчулары - сотко коюлуучу бардык доолор боюнча;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230033239/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 17-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
