# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 18.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45673/edition/39260/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (18.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033233

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 18-апрели № 217

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

“Стандартташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жобонун:

– 12-пунктунун 1-пунктчасында:

алтынчы, он үчүнчү, он алтынчы жана жыйырма биринчи абзацтарындагы “башка” деген сөз “чет” деген сөзгө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма сегизинчи – отузунчу абзацтар менен толукталсын: “– стандартташтыруунун улуттук системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;

– стандартташтыруу чөйрөсүндөгү ишти илимий жана методикалык колдоону камсыз кылуу;

– өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чет мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын ортосунда, анын ичинде бул мамлекеттердин улуттук стандарттарын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын бул мамлекеттердин аймагында колдонуу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген келишимдерди (макулдашууларды, меморандумдарды) түзүү.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 30 (3686) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
