Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-апрели № 217
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Стандартташтыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жобонун:
– 12-пунктунун 1-пунктчасында:
алтынчы, он үчүнчү, он алтынчы жана жыйырма биринчи абзацтарындагы “башка” деген сөз “чет” деген сөзгө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма сегизинчи – отузунчу абзацтар менен толукталсын: “– стандартташтыруунун улуттук системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;
– стандартташтыруу чөйрөсүндөгү ишти илимий жана методикалык колдоону камсыз кылуу;
– өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чет мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын ортосунда, анын ичинде бул мамлекеттердин улуттук стандарттарын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын бул мамлекеттердин аймагында колдонуу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген келишимдерди (макулдашууларды, меморандумдарды) түзүү.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 30 (3686) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Стандартташтыруу жөнүндөЗакон · 11.01.2025 · № 5