# Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 58 "Бишкек шаарынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоорун макулдашуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 58 "Бишкек шаарынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоорун макулдашуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45669/edition/39254/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 58 "Бишкек шаарынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоорун макулдашуу жөнүндө" токтому (07.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033226

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 7-октябры № 58

Бишкек шаарынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине бюджетинин долбоорун макулдашуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 95-беренесинин 3-бөлүгүн, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин кирешелер боюнча 32 773 370,7 миң сом, чыгашалар боюнча 32 773 370,7 миң сом суммасында долбооруна макулдук берилсин.

2. 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 1 жана 2-тиркемелерге ылайык аныкталсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы алдын ала параметрлер боюнча түзүлгөн 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана иивестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Б. Усеналиев
