# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябры № 687 "2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябры № 687 "2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 687
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230033199/edition/39210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябры № 687 "2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому (21.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033199

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 21-октябры № 687

2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 1-мартындагы № 999-VII “2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому менен бекитилген 2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө отчет берсин;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көрсөтүлгөн Программанын аткарылышы жөнүндө тиешелүү маалымат берсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын

1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
