# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/30 "Сары-Өзөн айыл аймагында маалыматтык жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/30 "Сары-Өзөн айыл аймагында маалыматтык жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/30
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033184>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45641/edition/39190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033184.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/30 "Сары-Өзөн айыл аймагында маалыматтык жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (29.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033184

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-августу № 01-7/30

Сары-Өзөн айыл аймагында маалыматтык жарнамалык түзүмдөрдү жайгаштырууга карата эрежелерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы №597-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын куруунун, жер пайдалануунун жана абатташтыруунун типтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” эрежелерине ылайык, айылдык кеңештин депутаты, Сокулук райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы С.Иштыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сары-Өзөн айыл аймагында маалыматтык-жарнамалык түзүмдөрдү жайгашырууга карата талаптардын ошону менен бирге имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү жана маалыматтык-жарнамалык курулмаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо талаптарынын эрежелери бекитилсин жана мыйзамга ылайык сакталсын.

2. Сары-Өзөн айыл аймагында Сокулук райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү код дизайнына (эскиздик долбооруна) дал келтирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Талантбек уулуна жүктөлсүн.

Төрага Т.Э.Бектемиров
