# Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 53 "2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 53 "2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 53
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033183>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45643/edition/39195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033183.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 53 "2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт жөнүндө" токтому (07.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033183

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 7-октябры № 53

2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылга социалдык өнүктүрүү программасын жана 2025-2026-жылдарга болжолун ишке ашыруу боюнча жетишсиз иш алып баргандыгы белгиленсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясы:

- 2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2025-2026-жылдарга болжолунун аткарылбай калган пункттарын Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген 2026-2028-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына толуктап киргизсин;

- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 87 токтомунун аткарылбай калган 2-пунктун 2026-2028-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына киргизсин;

- 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты расмий сайтка жарыяласын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы

Б. Усеналиев
