Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-октябры № 53
2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын ишке ашырылышы жана 2025-2026-жылдарга болжолу боюнча отчёт эске алынсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылга социалдык өнүктүрүү программасын жана 2025-2026-жылдарга болжолун ишке ашыруу боюнча жетишсиз иш алып баргандыгы белгиленсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы:
- 2024-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2025-2026-жылдарга болжолунун аткарылбай калган пункттарын Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген 2026-2028-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына толуктап киргизсин;
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 87 токтомунун аткарылбай калган 2-пунктун 2026-2028-жылдарга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына киргизсин;
- 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты расмий сайтка жарыяласын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Б. Усеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Бишкек шаардык кеңешинин от 30 мая 2023 года № 87 "Об утверждении Программы социально-экономического развития города Бишкек на 2024 год и прогноза на 2025-2026 годы"Постановление · 30.05.2023 · № 87
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 44 "2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2025 · № 44