# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 680 "Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 680 "Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 680
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230033172/edition/39172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 680 "Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (17.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033172

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 17-октябры № 680 Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу

Акыл-эсинин жана дене боюнун өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдар, ошондой эле оор оорулары бар балдар үчүн жалпы билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, аларды окутуу үчүн шарттарды түзүү жана зарыл болгон психологиялык-педагогикалык, медициналык жана социалдык колдоону көрсөтүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36, 37-беренелерин, «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасындагы психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 80 (3736) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
