# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябры № 677 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябры № 677 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 677
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2025
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45629/edition/39154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябры № 677 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (07.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033166

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 462 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 17-октябры № 677

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 “Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 29-июлундагы № 411 “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-пунктта:

биринчи абзацта “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацта “Кыргызпатенттин” деген сөз “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “40 райондон 40 демилге” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди, стартаптарды тандоо тартиби жөнүндө жободо:

–1-пунктта: бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “уюштуруучу – Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (мындан ары – Министрлик);”; алтынчы абзацта “Кыргызпатенттин алдындагы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 16, 17, 18, 24, 27-пункттарда “Кыргызпатенттин” деген сөз “Министрликтин” деген сөзгө алмаштырылсын;

– 20-пункттун экинчи абзацында “Кыргызпатенттин” деген сөз “Министрликтин” деген сөзгө алмаштырылсын;

– 22-пункттун экинчи абзацында “Кыргызпатенттин” деген сөз “Министрликтин” деген сөзгө алмаштырылсын;

– жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 1-тиркемесинде:

жогорку оң бурчунда “Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргызпатент)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 2-тиркемесинде:

жогорку оң бурчунда “Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргызпатент)” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги” деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:

экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары;”; бешинчи, алтынчы абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары”; сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар министринин орун басары;”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
