# Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 146 "Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №123 “Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 146 "Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №123 “Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45626/edition/39148/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 146 "Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №123 “Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтому (20.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033162

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 20-июну № 146

Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №123 “Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №123 “Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгарып берүү жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 12-июнундагы №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №123 “Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

Төрага

С.С.Назылбеков
