# Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 144 "Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 144 "Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 144
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45624/edition/39145/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 144 "Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (20.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033160

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 20-июну № 144

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 12-июнундагы №14 чечимин эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

1. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 9-тиркеменин 24-пунктундагы “Ош шаарынын М.Курбанов көчөсүнө асфальт төшөө иштерине” деген сүйлөм “Пичугин жана Бөкөнбаев көчөлөрүн жамоо үчүн ” деп өзгөртүлсүн.

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

Төрага

С.С.Назылбеков
