Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 20-июну № 144
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 12-июнундагы №14 чечимин эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 9-тиркеменин 24-пунктундагы “Ош шаарынын М.Курбанов көчөсүнө асфальт төшөө иштерине” деген сүйлөм “Пичугин жана Бөкөнбаев көчөлөрүн жамоо үчүн ” деп өзгөртүлсүн.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.
Төрага
С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 117 "Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.02.2023 · № 117