# Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 143 "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 143 "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033159>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45623/edition/39141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033159.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 143 "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө" токтому (20.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033159

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2023-жылдын 20-июну № 143

Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин, “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын башчысы Н.Исмаиловдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 12-июнундагы №17 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн төлөмдөр жогорулатылып, тиркемеге ылайык бекитилсин (1, 2 тиркемелер тиркелет).

2. Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн төлөмдөр 2023-жылдын 1-июлунан баштап жаңы тариф менен жүргүзүлсүн.

3. Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июндагы №112, 2015-жылдын 12-февралындагы №253 жана 2016-жылдын 26-декабрындагы №56 “Калк, мекемелер, уюмдар жана комерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

4. “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Н.Исмаилов) таштанды таштоочу жай “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкандыгына байланыштуу жашоочуларга тийгизген зыяндуулугун аныктап, таштанды үчүн төлөнүүчү акыны женилдетүү жагы каралсын.

5. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.

Төрага

С.С.Назылбеков

С.С.Назылбеков

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы №143 токтомуна №1 тиркеме

Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу кызматына болгон баалардын (тарифтердин) Прейскуранты

№

Кызмат көрсөтүүнүн түрү

Өлчөө бирдиги

Баасы, сом

1.

Көп кабаттуу үйлөр

1 кишиге, бир айга

35,0

2.

Жеке менчик үйлөр

1 кишиге, бир айга

40,0

3.

Катуу тиричилик калдыктарын чарба субьектилери үчүн ташып чыгаруу (хронометраждын негизинде)

1 м3

550,0

4.

Катуу тиричилик калдыктарын чарба субьектилери өздөрү ташып чыгарганда

1 м3

300,0

Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси

И.Э. Абдыраимов

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы №143 токтомуна №2 тиркеме

Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн түзүлгөн эсептөөлөрдүн өлчөмү жана баасы

№

Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруучу жайлар

өлчөө бирдиги

бир айга, сом

бир жылга, сом

1

Коомдук тамактануучу мекемелер (ресторан, кафе, бар, ашкана ж.б.)

бир адам отуруучу орунга

124

1488

2

Навайкана жана самсаканалар

бир тандырга

605

7260

Навайкана жана самсаканалар

бир жумушчуга

124

1488

3

Керек-жарак, үй-тиричилик буюмдарын сатуучу соода борборлор,чоң ж.б. майда дүкөндөр

1м2 аянтка

32

384

4

Азык-түлуктөрдү сатуучу соода борборлору, чоң ж.б. майда дүкөндөр

1м2 аянтка

29

348

5

Базарлар

1м2 аянтка

23

276

6

Сактоочу жайлар (склад ж.б.)

1м2 аянтка

23

276

7

Автовокзалдар, темир жол вокзалы жана аэропорт

1м2 аянтка

31

372

8

Автоунаалар токтоочу жайлар

1 авто ордуна

58

696

9

Автоунааларды оңдоочу жана жуучу жайлар

1м2 аянтка

124

1488

11

Заводдор жана фабрикалар

адамдын санына

26

312

Заводдор жана фабрикалар

1м2 аянтка

29

348

12

Ооруканалар

жатуучу орунга

29

348

13

Поликлиникалар, жана китепканалар,менчик УЗИ, мед.борборлор

1м2 аянтка

27

324

14

Мейманканалар жана эс алуу борборлору

бир орунга

50

600

15

Жатаканалар (общежития)

бир орунга

29

348

16

Санаториялар жана эс алуучу жайлар

бир орунга

38

456

17

Балдар бакчалары (мамлекеттик)

бир орунга

18

216

18

Балдар бакчалары (жеке менчик)

бир орунга

18

216

19

Мектептер

бир окуучуга

14

168

20

Мектеп-интернаттары

бир окуучуга

15

180

21

Атайын окуу жайлары (училища)

бир окуучуга

12

144

22

Жогорку окуу жайлары жана технукумдар

бир студентке

25

300

23

Театрлар жана кинотеатрлар

бир орунга

29

348

24

Мекеме-ишканалар

бир кызматкерге

87

1044

25

Типографиялар

бир жумушчуга

124

1488

26

Тейлөө тармактары (чачтарач, тигүү жайлар, өтүк оңдоо,хим.тазалоо, сүрөт тартуучу ж.б. Жайлар

1м2 аянтка

82

984

Тейлөө тармактары (чачтарач, тигүү жайлар, өтүк оңдоо,хим.тазалоо, сүрөт тартуучу ж.б. Жайлар

бир жумушчуга

124

1488

27

Мончолор, сауналар жана ажатканалар

бир орунга

107

1284

28

Интернет, букмекер клубдар

бир орунга

107

1284

29

Машыгуу залдары, футзалдары, фитнес клубдар, бассейндер

бир орунга

107

1284

30

Авиа кассалары

бир жумушчуга

124

1488

Авиа кассалары

1 м2 аянтка

82

984

31

Бильярд клубдары

бир ойноочу столго

255

3060

Бильярд клубдары

бир кызматкерге

124

1488

32

Ийне сайуучу жайлар (процедурный)

1м2 аянтка

86

1032

33

Ажатканалар

1м2 аянтка

124

1488

34

Лабороториялар

1м2 аянтка

91

1092

35

Стоматологиялар

1м2 аянтка

86

1032

36

Дарыканалар

1м2 аянтка

86

1032

37

Эстелик жасоочу жайлар

1м2 аянтка

89

1068

38

Курулуш куруучу компаниялар: (курулуш учурунда жолдорду булгаган учурда)

100м2 жолду шыпырып жууганга, 1т.жүк жүктөөгө, айдоочулардын эмгек акысына, күйүүчү майга, сууга

4560

54720

Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси

И.Э. Абдыраимов
