# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/46 "Билим берүү мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/46 "Билим берүү мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/46
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45614/edition/39131/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/46 "Билим берүү мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө" токтому (29.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033150

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-августу № 01-7/46

Билим берүү мекемесине ат ыйгаруу жөнүндө

Айылдык кеңештин социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо жана маданият маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы А.Ашырованын Арал толук эмес орто мектебине ат ыйгаруу боюнча маалыматын жана ага тиешелүү материалдарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби жөнүндө” Жобосун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-марты №159 токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына жана2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагынын Арал айылындагы Арал толук эмес

орто мектебине Арал толук эмес орто мектебинин негиздөөчүсү, айылда билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адам, өзүнүн иши менен өзү иштеген тармакты же болбосо аймакты узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзгөн жаран, маркум Дүйшөнбек Кубанычбековдун ысымы ыйгарылсын.

2. Билим берүү мекемесине ат ыйгарууга байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү

бюджеттин эсебинен каржылансын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы

Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.

Төраганын орун басары

М.Р.Акчалов
