# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/48 "Сары-Өзөн айыл аймагындагы суу объектилерди жана көлмөлөрдү суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/48 "Сары-Өзөн айыл аймагындагы суу объектилерди жана көлмөлөрдү суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/48
- Кабыл алынган күнү: 29.08.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45607/edition/39123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-августу № 01-7/48 "Сары-Өзөн айыл аймагындагы суу объектилерди жана көлмөлөрдү суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндө" токтому (29.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033142

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-августу № 01-7/48

Сары-Өзөн айыл аймагындагы суу объектилерди жана көлмөлөрдү суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 суу чарба секторун эффективдүү башкаруу жана өнүктүрүү маселеси жөнүндө токтомун аткаруу максатында, Сары-Өзөн айыл аймагындагы суу объектилерге жана көлмөлөргө инвентаризация иштерин жүргүзүп, Сокулук райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 10-11-беренелеринжетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айыл аймагындагы суу объектилеринин жана көлмөлөрүнүн жайгашкан жерин жана санын тактоо максатында инвентаризация иштерин жүргүзүлсүн жана Сокулук райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

М.Р.Акчалов
