Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы “Ош шаарынын “Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө” Жобосун бекитүү” жөнүндөгү № 281 токтомуна карата Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ
(V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 30-майы №138
Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы “Ош шаарынын “Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө” Жобосун бекитүү” жөнүндөгү № 281 токтомуна карата Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Бакир уулу Шахназардын жана Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүм башчысы К.Насиповдун Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы “Ош шаарынын “Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө” Жобосун бекитүү” жөнүндөгү №281 токтому боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын каршы билдирүүсү жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, туруктуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 19-майындагы №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы “Ош шаарынын “Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө” Жобосун бекитүү” жөнүндөгү №281 жана 2022-жылдын 29-мартындагы “Ош шаарынын прокуратурасынын Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы “Ош шаарынын “Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө” Жобосун бекитүү” жөнүндөгү №281 токтомуна карата каршы пикири жөнүндө” №42 токтомдору өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага
С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы № 281 "Ош шаарынын «Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө» Жобосун бекитүү " токтомуПостановление · 08.06.2015 · № 281 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123