# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 629
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45581/edition/39073/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрындагы № 629 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (03.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033104

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 3-октябры № 629

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Аскердик кызмат өтөө тартибин өркүндөтүү жана тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-декабрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында жоокерлердин жана сержанттардын контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жободо:

- 59-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органда - ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басарынын (аскердик блокту тескеген) буйругу менен;";

- 71-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органда - ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин орун басарынын (аскердик блокту тескеген) буйругу менен;";

- 120-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5) өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органда - алар кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин жана бөлүмдөрдүн жетекчилеринин буйруктары менен;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Касымалиев
