Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын, Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-октябры № 98
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын, Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра атоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 200 Мыйзамын жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 20-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-ноябрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы, Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландаштыруу, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук бөлүмү:
- Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын жана Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын 38 участкалык шайлоо комиссияларынын мөөрлөрүн 1-тиркемеге ылайык жасоону камсыз кылсын;
- Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мөөрлөрүн жок кылуу жол-жоболорун белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
Т. Шайназаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү…Постановление · 06.12.2019 · № 176
- Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндөЗакон · 17.09.2025 · № 200