# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябры № 650 "Камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрацияга квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябры № 650 "Камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрацияга квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 650
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033008>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45506/edition/38974/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033008.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябры № 650 "Камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрацияга квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому (09.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033008

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 9-октябры № 650 Камсыздандыруу рыногунун катышуучуларына жана камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрацияга квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө "Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 82-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин иши жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасындагы актуардык иш жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;

4) Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык;

5) Баалоочуларга, камсыздандыруу сюрвейерлерине жана аджастерлерге квалификациялык талаптар жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 712 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарын башкаруу боюнча убактылуу администрация жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 8, 9-пункттары;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруу брокерлеринин ишинин маселелери жөнүндө" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 321 "Кыргыз Республикасында актуарийлердин ишинин маселелери жөнүндө" токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-августундагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 477 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 "Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 77 (3733) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
