# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 652
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033005>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45515/edition/38990/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033005.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033005

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 9-октябры № 652

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:

- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 26-1-пунктча менен толукталсын:

"26-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жободо:

- 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пунктча менен толукталсын:

"14-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жободо:

- 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пунктча менен толукталсын:

"13-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";

3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент жөнүндө жободо:

- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пунктча менен толукталсын:

"8-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жободо:

- 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пунктча менен толукталсын:

"10-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";

5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жободо:

- 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-пунктча менен толукталсын:

"12-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";

6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:

- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-пунктча менен толукталсын:

"20-1) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";

7) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:

- 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

"- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 78 (3734) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
