# Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 12-февралындагы № 253 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы VIII сессиясында кабыл алынган № 112-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар γчγн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитγγ жѳнγндѳ» токтомуна толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 12-февралындагы № 253 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы VIII сессиясында кабыл алынган № 112-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар γчγн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитγγ жѳнγндѳ» токтомуна толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-25410/edition/698074/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 12-февралындагы № 253 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы VIII сессиясында кабыл алынган № 112-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар γчγн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитγγ жѳнγндѳ» токтомуна толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ" токтому (20.06.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230033

---

Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 20-июну № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ХXV СЕССИЯСЫ (III ЧАКЫРЫЛЫШ)

2015-жылдын 12-февралы № 253 Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы VIII сессиясында кабыл алынган № 112-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар γчγн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитγγ жѳнγндѳ» токтомуна толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ

Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 12-декабрындагы №421/08-6- «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишкана тарабынан таштандыларын ташып чыгарууга кѳрсѳткѳн кызматы γчγн бюджеттик мекеме-ишканаларга, коммерциялык тγзγлγштѳгγ ишканаларга жана соода тγйγндѳрγнѳ болгон тарифтерди бекитγγ жѳнγндѳ катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасына караштуу монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бѳлγмγнγн 2014-жылдын 12-ноябрындагы «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын бюджеттик мекеме-ишканаларга, коммерциялык тγзγлγштѳгγ ишканаларга жана соода тγйγндѳрγнѳ акы алып кызмат кѳрсѳтγγнγн наркын макулдашуу жѳнγндѳ» №33 буйругу менен макулдашылган тарифин, Ош шаардык Кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 22-декабрындагы отурумунун №10-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы VIII сессиясында кабыл алынган № 112-«Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык структуралар γчγн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитγγ жѳнγндѳ» токтомунун 1-пункту № 1- тиркемеге ылайык катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу γчγн тγзγлгѳн эсептѳѳлѳрдγн ѳлчѳмγ менен толукталсын (№1-тиркеме тиркелет).

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жγктѳлсγн.

Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы:

У. Примов

Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 12- февралындагы кезексиз XXV сессиясынын №253 токтомуна № 1-тиркеме

Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу

γчγн тγзγлгѳн эсептѳѳлѳрдγн ѳлчѳмγ

№

Катуу тиричилик таштандыларын чыгаруучу жайлар

Ѳлчѳѳ бирдиги

Бир айга (сом)

Бир жылга (сом)

1.

Ош шаарындагы коомдук тамактануучу мекемелер (ресторан, кафе, бар, ашкана, самсакана ж.б.)

Бир адам олтуруучу орунга

58

696

2.

Тандырга бышырылуучу нан азыктарын даярдап чыгаруучу жайлар жана самсаканалар

Бир тандырга

454

5448

3.

Керек-жарак, γй-тиричилик буюмдарын сатуучу соода борборлор, чоң жана майда дγкѳндѳр ж.б.

1 м2 аянты

32

384

4.

Кγнγмдγк керектелγγчγ азыктарды сатуучу соода борборлор, чоң жана майда дγкѳндѳр ж.б.

1 м2 аянты

29

348

5.

Базарлар

1 м2 аянты

23

276

6.

Сактоочу жайлар (склад)

1 м2 аянты

23

276

7.

Автовокзалдар, темир жол вокзалдары жана аэропорт

1 м2 аянты

31

372

8.

Автоунаалар токтоочу жайлар

1 авто ордуна

58

696

9.

Автоунаа ондоочу жана жуучу жайлар

1 м2 аянты

58

696

10.

Заводдор жана фабрикалар

Адамга

26

312

11.

Заводдор жана фабрикалар

1 м2 аянты

29

348

12.

Ооруканалар

Жатуучу орунга

29

348

13.

Поликлиникалар, дарыканалар жана китепканалар

Катталуучуга

27

324

14.

Мейманканалар жана эс алуу борборлору

Бир орунга

50

600

15.

Жатаканалар (общежития)

Бир орунга

29

348

16.

Санаториялар жана эс алуучу жайлар

Бир орунга

38

456

17.

Балдар бакчалары (мамлекеттик)

Бир орунга

18

216

18.

Балдар бакчалары (жеке)

Бир орунга

35

420

19.

Мектептер

Бир окуучуга

14

168

20.

Мектеп-интернаттары

Бир окуучуга

15

180

21.

Атайын окуу жайлары (училища)

Бир окуучуга

12

144

22.

Жогорку окуу жайлар жана техникумдар

Бир студентке

14

168

23.

Театрлар жана кинотеатрлар

Бир орунга

29

348

24.

Ишканалар

Бир кызматкерге

27

324

25.

Типографиялар

Бир жумушчуга

58

696

26.

Тейлѳѳ тармактары (чачтарач, тигγγ жайлар, ѳтγк ондоо жайлар, хим.тазалоо, сγрѳтканалар, ж.б.)

Бир жумушчуга

58

696

27.

Мончолор, ажатканалар жана сауналар

Бир орунга

44

528

28.

Интернет, букмекер клубдар

Бир орунга

29

348

29.

Машыгуу залдары, футзалдары, фитнес клубдар

Бир орунга

29

348

Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси: С. Маматалиева
