# КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 868-т (Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү болуп кыргыз тараптан дайындоо жөнүндө) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 868-т (Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү болуп кыргыз тараптан дайындоо жөнүндө) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 868-т
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032986>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19593/edition/38949/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032986.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 868-т (Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү болуп кыргыз тараптан дайындоо жөнүндө) тескемеси (07.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032986

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2025-жылдын 7-октябры № 868-т

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы № 720 “Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун маселелери жөнүндө” токтомуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү болуп кыргыз тараптан төмөнкүлөр дайындалсын:

– Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

– Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;

– Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-июнундагы № 246-б буйругу;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 374-б буйругу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
