2-берене
Күчүндө · 15.10.2025 редакциясы
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 290-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-беренин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө ар бир билдирүү боюнча тобокелдиктерге баа берет;";
2) 29-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31 жана 32-пункттар менен толукталсын:
"31) үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруу милдетин;
32) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми курал бар болгондо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 291-берене менен толукталсын:
"291-берене. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чаралар
1. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чаралар - электрондук жана башка техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордери берилген адам тарабынан ага карата белгиленген тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылуу максатында анын жүргөн жерин аралыктан контролдоо жана изилдөө.
2. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечим тиешелүү ички иштер органы тарабынан тобокелдиктерге баа берүү протоколунун негизинде кабыл алынат.
Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө чечимде аларды аткаруунун шарттары (ал чегинен чыгып кете албаган же ал жүрө албаган аймак, ага карата белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр) көрсөтүлөт, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу жүктөлгөн орган жана (же) кызмат адамы көрсөтүлөт. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдан техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чара көргөн органдын уруксатысыз тиешелүү аймактан чыгып кетпөө, белгиленген тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү сактоо милдеттенмеси жазуу жүзүндө алынат.
3. Техникалык каражаттарды колдонуу менен убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруунун шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 15.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөЗакон · 27.04.2017 · № 63
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230032975/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>