# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230032975)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 214
- Кабыл алынган күнү: 15.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032975/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16647/edition/38936/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032975/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (15.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032975/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 33-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жети" деген сөз "он төрт" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 34-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 52-пункт менен толукталсын:

"52) электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр;";

3) төмөнкүдөй мазмундагы 392-берене менен толукталсын:

"392-берене. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр

1. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелеринде каралган учурларда үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан укук бузууларды жасагандыгы үчүн колдонулат.

2. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр сот тарабынан 3 айга чейинки мөөнөткө дайындалат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда сот төмөнкүдөй тыюу салууларды жана чектөөлөрдү дайындоого укуктуу:

1) жабырлануучу менен түз байланышууларга тыюу салуу;

2) куугунтуктоого тыюу салуу;

3) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралын сактоого жана (же) колдонууга тыюу салуу, ал эми курал бар болгондо ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;

4) белгилүү бир аймактарда жайгашкан жери боюнча чектөө;

5) курмандыктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка чектөөлөр.

4. Тыюу салуулар жана чектөөлөр, жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтун алдын алуу үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, жабырлануучу менен макулдашуу боюнча дайындалат.";

4) 70-беренеде:

а) биринчи абзац "дене-бойлук зомбулук кылуу менен коркутуу," деген сөздөрдөн кийин "куугунтуктоо," деген сөз менен толукталсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү. Куугунтуктоо - адамдын эркине каршы ага багытталган, анда өз коопсуздугу үчүн коркунуч жараткан, куугунтук жасаган адам менен ал бөлөк жашаган учурда түз же кыйыр байланышууларды, иштеген, окуган, турган, жашаган жерлерине барып турууну демилгелөө аркылуу билдирилүүчү атайылап жасалган жүрүм-турум.";

5) 71-берененин экинчи абзацында "үчтөн жети суткага чейин" деген сөздөр "жетиден он төрт суткага чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 72-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"72-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын оңдоп-түзөөчү программадан өтүүдөн, электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруудан баш тартуусу Үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан укук бузууну жасаган адамдын оңдоп-түзөөчү программадан өтүүдөн же болбосо ушул Кодексте белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулардан жана (же) чектөөлөрдөн баш тартуусу - 40 саатка коомдук жумуштарга тартууга же болбосо жетиден он төрт суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.";

7) төмөнкүдөй мазмундагы 5722-берене менен толукталсын:

"5722-берене. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруунун тартиби жана мөөнөттөрү

1. Сот тарабынан дайындалган электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аткарылат.

2. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр дайындалган адам белгиленген тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн талаптарын аткарууга милдеттүү.

3. Электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр дайындалган адамды контролдоо ички иштер органдарына жүктөлөт.

4. Белгиленген электрондук байкоо жүргүзүү менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруудан баш тарткан адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылат.

5. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары, ошондой эле контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230032975/st-2)
