# Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-августундагы №49-3 “Төрт-Гүл” муниципалдык ишканасына жылуулук берүү кызматкерлеринин айлык карызын жабууга субсидия бөлүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-августундагы №49-3 “Төрт-Гүл” муниципалдык ишканасына жылуулук берүү кызматкерлеринин айлык карызын жабууга субсидия бөлүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49-3
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032968>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45479/edition/38926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032968.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 7-августундагы №49-3 “Төрт-Гүл” муниципалдык ишканасына жылуулук берүү кызматкерлеринин айлык карызын жабууга субсидия бөлүү жөнүндө" токтому (07.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032968

---

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ Төрт-Гүл айылдык кеңешинин I – чакырыгынын иреттеги ачык VII сессиясынын

2025-жылдын 7-августундагы №49-3

“Төрт-Гүл” муниципалдык ишканасына жылуулук берүү кызматкерлеринин айлык карызын жабууга субсидия бөлүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги «Отун-энергетика комплекси боюнча кээ бир маселелер жөнүндө» УП №89 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы «Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин карамагындагы «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасын реорганизациялоо жөнүндө» №345 токтомуна ылайык, «Беловодское райондор аралык жылуулук менен суу берүү ишканасы» мамлекеттик ишканасынан Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына объектилер өткөрүлүп берилгени белгиленди. Ошондой эле айлык карызы, социалдык төгүмдөр жана киреше салыгы боюнча жалпы суммасы 260,0 миң сом болгон карыз бар экени маалымдалды. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.Анын маалыматын угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кенеши

ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн башчысына муниципалдык ишкана «Төрт-Гүлгө» айлык карызды, социалдык төгүмдөрдү жана киреше салыгын төлөөгө 260,0 миң сом суммада, «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасын субсидиялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен субсидия бөлүнсүн.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.

Төрага

Ж.К. Маматкеримов
