Төрт-Гүл айылдык кеңешинин “Төрт-Гүл” муниципалдык ишканасына жылуулук берүү кызматкерлеринин айлык карызын жабууга субсидия бөлүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ Төрт-Гүл айылдык кеңешинин I – чакырыгынын иреттеги ачык VII сессиясынын
2025-жылдын 7-августундагы №49-3
“Төрт-Гүл” муниципалдык ишканасына жылуулук берүү кызматкерлеринин айлык карызын жабууга субсидия бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги «Отун-энергетика комплекси боюнча кээ бир маселелер жөнүндө» УП №89 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы «Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин карамагындагы «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасын реорганизациялоо жөнүндө» №345 токтомуна ылайык, «Беловодское райондор аралык жылуулук менен суу берүү ишканасы» мамлекеттик ишканасынан Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына объектилер өткөрүлүп берилгени белгиленди. Ошондой эле айлык карызы, социалдык төгүмдөр жана киреше салыгы боюнча жалпы суммасы 260,0 миң сом болгон карыз бар экени маалымдалды. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.Анын маалыматын угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысына муниципалдык ишкана «Төрт-Гүлгө» айлык карызды, социалдык төгүмдөрдү жана киреше салыгын төлөөгө 260,0 миң сом суммада, «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасын субсидиялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен субсидия бөлүнсүн.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага
Ж.К. Маматкеримов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.