# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 97 "Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №29 “Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 97 "Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №29 “Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032920>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45452/edition/38883/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032920.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 97 "Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №29 “Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032920

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2022-жылдын 27-декабры № 97

Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №29 “Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын башчысы К.Абдыкадыровдун Ош шаарынын 2022-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитип берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 12-декабрындагы отурумунун №33 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

1. Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №29 “Ош шаарынын 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолун, 2022-2024-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндөгү” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-токтомдун 2-пунктундагы “1 600 510,0” деген цифра, “2 294 167,6 ” деген цифра менен алмаштырылсын; -жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2, 2-1, 3, 6, 7, 9-тиркемелери жаңы редакцияда окулсун, тиркемелер тиркелет.

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

3. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Э.Арзиев) жүктөлсүн.

Төрага

С.С.Назылбеков
