# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 108 "Шайлоочулардын сунуш-талаптары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 108 "Шайлоочулардын сунуш-талаптары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032906>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45439/edition/38865/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032906.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабры № 108 "Шайлоочулардын сунуш-талаптары жөнүндө" токтому (27.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032906

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2022-жылдын 27-декабры № 108

Шайлоочулардын сунуш-талаптары жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 23-статьясынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын 2022-жылдын 28-ноябрынан 8-декабрына чейин муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында шайлоочулар менен болгон жолугушууларда айтылган сунуш-талаптарын аткаруу максатында, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын отчет берүү жана шайлоочулар менен жолушуусунда шайлоочулар тарабынан айтылган сунуш-талаптары кабыл алынсын (тиркеме тиркелет).

2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) шайлоочулардын сунуш-талаптарын Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын, капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук барактарын жана Ош шаарын 2023-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын түзүүдө эске алуу, аткаруу жана аларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ар бир жарым жылдыкта Ош шаардык Кеңешине билдирип туруу тапшырылсын.

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (Ч.Абдиев).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.

Төрага

С.С.Назылбеков
