Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Шайлоочулардын сунуш-талаптары жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2022-жылдын 27-декабры № 108
Шайлоочулардын сунуш-талаптары жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 23-статьясынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын 2022-жылдын 28-ноябрынан 8-декабрына чейин муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында шайлоочулар менен болгон жолугушууларда айтылган сунуш-талаптарын аткаруу максатында, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын отчет берүү жана шайлоочулар менен жолушуусунда шайлоочулар тарабынан айтылган сунуш-талаптары кабыл алынсын (тиркеме тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов) шайлоочулардын сунуш-талаптарын Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасынын, капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук барактарын жана Ош шаарын 2023-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын түзүүдө эске алуу, аткаруу жана аларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты ар бир жарым жылдыкта Ош шаардык Кеңешине билдирип туруу тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага
С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3