# Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-февралындагы №26 «Кырк–Казык айылынын мечитинен Үңкүр, Тешик-Таш көчөсүнө ысым берүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-февралындагы №26 «Кырк–Казык айылынын мечитинен Үңкүр, Тешик-Таш көчөсүнө ысым берүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-78827/edition/38774/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-февралындагы №26 «Кырк–Казык айылынын мечитинен Үңкүр, Тешик-Таш көчөсүнө ысым берүү жөнүндө» токтому (04.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032821

---

КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2025-жылдын 4-февралы №26

«Кырк–Казык айылынын мечитинен Үңкүр, Тешик-Таш көчөсүнө ысым берүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги обьектерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу” Жобонун негизинде (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык) жана Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын 2025-жылды31-январдагы №2 протоколдук чечимин жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-январдагы №01-17-25/169 сунушун талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кетмен-Дөбө айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 31-январдагы №2 протоколдук чечимин, жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-январдагы №01-17-25/169 сунушу колдоого алынсын.

2. Кырк –Казык айылынын мечитинен Үңкүр,Тешик-Таш көчөсүнө согуш ардагери, 1-даражадагы “Ата Мекендик согуш” орденин ээси Назаралиев Атантайдын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

3. Кырк –Казык айылынын мечитинен Үңкүр,Тешик-Таш көчөсүнө согуш ардагери Назаралиев Атантайдын ысымын ыйгарылгандан кийинки тиешелүү баардык документтерди даярдатуу,жазмаларды,белгилерди илдирүү уул-кыздарына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш жана мыйзамдуулукту ,укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу башчысы Д.Тургунбаевага тапшырылсын.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

6. Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

Айылдык кеңештин төрагасы

А.С.Алишеров
