Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 27-сентябры № 623 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу
Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жана 3 жашка чейинки балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) кошумча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 5-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунун (мындан ары – “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу) өлчөмү 3000 (үч миң) сом суммасында белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө жободо:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнөн, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунан тышкары, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу жана аларды чектөө тартибин аныктайт, ошондой эле бала төрөлгөндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнөн, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылган адамдарга, ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдар чектелген адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө үчүн документтердин тизмегин белгилейт.”.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте республикалык бюджеттен “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун өз убагында төлөө үчүн акча каражаттарын бөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 74 (3730) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтому…Положение · 29.06.2018 · № 307
- "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-сентябрындагы № 623 токтому…Положение · 27.09.2025 · № 623
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга…Стандарт · 23.10.2025 · № 291
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга…Стандарт · 25.12.2023 · № 2 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
- Мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөөгө кайрылуу тартиби жана мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтому…Положение · 29.06.2018 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-сентябрындагы № 623 токтому…Положение · 27.09.2025 · № 623
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 01-01/134 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары…Приказ · 17.04.2026 · № 01-01/134
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 1 ""Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…Приказ · 01.04.2026 · № 1