# Токмок шааардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январы №116/21-5 "Токмок шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Токмок шааардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январы №116/21-5 "Токмок шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 116/21-5
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032776>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45361/edition/38719/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032776.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Токмок шааардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январы №116/21-5 "Токмок шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (25.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032776

---

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXI СЕССИЯСЫ

2023-жылдын 25-январы №116/21-5

Токмок шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Токмок шаардык кенешинин төрагасы Т.М. Сансызбаевдин кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 24-январындагы отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин депутаты Нурдинов Азамат Рахимжановичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга макулдук берилсин.

2. Токмок шаардык кеңешинин төрагасы (Сансызбаев Т.М.) Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын дарегине Токмок шаардык кеңешинин депутаты Нурдинов Азамат Рахимжановичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн сунуштама жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Т.М. Сансызбаев
