Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин «Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө» токтому
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекзис VI сессиясы
2025-жылдын 14-июлундагы №1
«Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Турдалиевдин 11.07.2025-жылдагы №01-19/2194, №01-18/2196 чыгыш сандуу катынын негизинде жазылган долбоорлорду Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо боюнча кайрылуусу менен таанышып, 10.06.2025-жылдагы №01-19/1734 чыгыш сандуу катына ылайык А.Токтомамбетованын 0,15 сотых жерде жайгашкан дүкөнүн сатып алуу боюнча жалпы депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн даярдалган төмөнкү долбоорлор Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын;
- Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар жана Чандалаш айылдарына балдар ойноочу аянтча салууга айыл өкмөт тарабынан даярдалган долбоор сметасын даярдоо боюнча айырмасы 6 804 784 (алты миллион сегиз жүз төрт миң жети жүз сексен төрт) сом,
- Кайың-Суу 150 орундуу мектебинин курулуш иштеринин кошумча жумуштары үчүн даярдалган долбоор сметасын даярдоо боюнча сметалык баасы 5 622 049 (беш миллион алты жүз жыйырма эки миң кырк тогуз) сом,
- Т.Жаналиев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин устаканасын капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 446 053 (төрт жүз кырк алты миң элүү үч) сом,
- Каныш-Кыя айылынын тургуну Токтомамбетова Алтынай Меймановнанын Каныш-Кыя айылында жайгашкан 0,15 сотых жерде жайгашкан дүкөнүн сатып алууну,
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Базар айылына курулуучу паркка Чаткал райондук өнүктүрүү фондунан каралган 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражатын Жаны-Базар айылында жайгашкан Ыдырыс-Ата тарыхый комплексине А-фрейм (A-frame) үйлөрдү сатып алуу үчүн которуп алуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы №554 “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя муниципалдык ишканасына мамлекеттик лизинг компаниясынан сатылып алынган 6 даана атайын техникалардын каражатын төлөө максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан долбоор жазылган. Долбоордун жалпы суммасы 49 454 875 (кырк тогуз миллион төрт жүз элүү төрт миң сегиз жүз жетимиш беш ) сом;
- Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 20.06.2025-жылдагы
№01-23/2916, 04.07.2025-жылдагы №01-23/3237 чыгыш сандуу катына ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чаткал райондук бөлүмүнүн жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын курулуш оңдоо иштерине иштетүүгө, инерттик материалдарды сатып алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024- жылдын 11-сентябрындагы №554 “Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө” токтомунун негизинде долбоор жазылып, сметасы 4 088 000 (төрт миллион сексен сегиз миң) сом;
- Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө 4 380 000 (төрт миллион үч жүз сексен миң) сом өлчөмүндө кызматтык үй сатып алуу үчүн, Чаткал райондук өнүктүрүү фондунун атайын каражаттар эсебине долбоор даярдалып, акча каражатын которуп берүү суралсын;
- Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Айгыр-Жал айылынан баштап Кайын-Суу айылына чейин жалпы 17,125 км жолду жарыктандыруу максатында труба сатып алуу жана орнотуу үчүн долбоор жазылып, сметанын жалпы наркы 7 398 000 (жети миллион үч жүз токсон сегиз миң) сом;
- Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу С.Дозонов атындагы жалпы орто билим берүүчу мектебине инвентар сатып алуу үчүн 498 400 (төрт жүз токсон сегиз миң) сом;
- Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылында жайгашкан Исмаил уулу Матиш атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине инвентарь сатып алуу үчүн 525 000 (беш жүз жыйырма беш миң) сом;
- Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Коргон-Сай айылында жайгашкан К.Акназаров мектебине инвентарь сатып алуу үчүн 500 000(беш жүз миң) сом;
- Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан сатылып алынган бугулардын кышкы тоютун даярдоого 755 000 (жети жүз элүү беш миң) сом:
Бугуларды багуучу жайдын айланасын кошумча королоо үчүн 626 700 (алты жүз жыйырма алты миң жети жүз) сом.
- Каныш-Кыя айыл аймагындагы райондук соттун кызматтык үйүнө материалдарды сатып алуу үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом;
- Быйылкы жылы кургакчылык болгондугуна байланыштуу элдердин мал чарбасына тоют муктаждыгы жаралбашы үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кампасына 300 сомдон 5000 пресс чөп сатып алуу үчүн 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом;
- Чаткал райондук өнүктүрүү фондусунан экономикалык долбоорлорун каржылоого каралган акча каражатынан 20 000 000 (жыйырма миллион сом) акча каражатын Каныш-Кыя айыл аймагына жаңы курула турган оорукананын курулушу үчүн жылдырууну сунуштайбыз.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жүктөлсүн. Мыйзамдуулугун кароо менен тиешелүү компетенттүү органдар менен биргеликте иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Турдалиевге тапшырылсын.
Төрага
М.М.Козубаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.