# Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-мартындагы №13 «Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-мартындагы №13 «Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 05.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032699>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45315/edition/38629/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Каныш-Кыя айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-мартындагы №13 «Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө» токтому (05.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032699

---

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2025-жылдын 05-мартындагы №13

«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө»

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 20.02.2025-жылдагы №01-19/535 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштөө Регламентин 2025-жылга карата бекитип берүү боюнча кайрылуусун, КР ЖӨБ мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 30-сентябрындагы №01-25/267 буйругуна ылайык карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы №01-25/267 буйругуна ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иштөө Регламенти тиркеме ылайык бекитилсин.

2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы, орун басар-жооптуу катчысы жана кызматкерлери бекитилген Регламенттин негизинде иш алып барсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна, бекитилген Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана орун басар-жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Төрага

М.М.Козубаев
