# Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 88 "Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөө кызматын көрсөтүү акыларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 88 "Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөө кызматын көрсөтүү акыларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032653>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45279/edition/38583/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032653.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 88 "Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөө кызматын көрсөтүү акыларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому (15.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032653

---

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XIV СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)

2022-жылдын 15-ноябрындагы № 88

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөө кызматын көрсөтүү акыларынын тарифтерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, “Ош шаарынын муниципалдык турак-жай” коммуналдык башкармалыгынын башчысы Ж.Эргешовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 4-ноябрындагы №14 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөө кызматын көрсөтүү акыларынын тарифи 2023-жылдын 1-январынан баштап турак жай менчик ээлерине 1 чарчы метр аянтка бир ай үчүн – 3 сом өлчөмүндө бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы №238 “Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөөнүн баасынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” токтому 2023-жылдын 1-январынан баштап күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.

Төрага

С.С.Назылбеков

Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XIV сессиясынын № 88 токтомуна тиркеме

Техникалык жактан тейлөө боюнча жүргүзүлүүчү оңдоп түзөө иштерине (байланыш (коммуникация), көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсү, чатыры, подьезди, үйдүн маңдайы (фасад) коюлуучу баалар

№

Күндөлүк оңдоолорду көрсөтүү түрлөрү

Жалпы аянттын кв.метринин тарифи

1.

а) суу түтүктөр түйүнү

б) саркынды суу түйүнү

в) жылуулук түйүнү

г) электр түйүнү

0,60 0,90 0,60 0,10

Жалпысы:

2 сом 20 тыйын

2.

а) турак үй кирмеси (подьезд)

б) турак үй маңдайы (фасад)

в) турак үй чатыры

0,30 0,20 0,30

Жалпысы:

80 тыйын

Бардыгы:

3 сом

Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси

И.Э.Абдыраимов
