# Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 2-НПА "Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде жайгашкан жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 2-НПА "Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде жайгашкан жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2-НПА
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032634>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45264/edition/38563/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032634.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 2-НПА "Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде жайгашкан жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (08.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032634

---

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 8-сентябры № 2-НПА

Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде жайгашкан жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомун аткаруу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, токтом кылам:

1. Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду: 1-01-12-0014-1018, жалпы аянты 176 чарчы метр жер участогун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте:

– муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүү киргизсин;

– ушул токтомдон келип чыккан башка зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.

Мэр

А.Дж. Джунушалиев
