# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябры № 663 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябры № 663 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 663
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032629>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230032629/edition/38554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032629.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябры № 663 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032629

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 14-октябры № 663

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалымат берүүгө карата бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 27-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринде:

– 141-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“141. Коомдук тамак-аш объекттери тейлөө үчүн пайыздарды кошпогондо, келүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча шарттарды өз алдынча белгилей алат. Тапшырыктын негизги наркынан бөлөк тейлөөчү персоналдын тейлөө, тамак берүү, сервировкалоо же башка иш-аракеттери үчүн акы алуусуна жол берилбейт. Коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык түзүмүнүн наркы менюда, прайс-баракчада же тапшырык берилгенге чейин керектөөчүгө жеткиликтүү болгон башка документте көрсөтүлгөн баага киргизилүүгө тийиш. Төлөмдүн акыркы суммасы ачык сунушталган прейскуранттын негизинде эсептелген суммадан айырмаланбашы керек.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын

1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
