Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 663
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалымат берүүгө карата бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 27-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринде:
– 141-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“141. Коомдук тамак-аш объекттери тейлөө үчүн пайыздарды кошпогондо, келүүчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча шарттарды өз алдынча белгилей алат. Тапшырыктын негизги наркынан бөлөк тейлөөчү персоналдын тейлөө, тамак берүү, сервировкалоо же башка иш-аракеттери үчүн акы алуусуна жол берилбейт. Коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык түзүмүнүн наркы менюда, прайс-баракчада же тапшырык берилгенге чейин керектөөчүгө жеткиликтүү болгон башка документте көрсөтүлгөн баага киргизилүүгө тийиш. Төлөмдүн акыркы суммасы ачык сунушталган прейскуранттын негизинде эсептелген суммадан айырмаланбашы керек.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө"тТоктомуПостановление · 30.09.2014 · № 560
- Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 10.12.1997 · № 90
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122