# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябры № 664 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябры № 664 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 664
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032628>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45260/edition/38550/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032628.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябры № 664 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032628

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 14-октябры № 664

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жеке колдонуу үчүн жеке жактар, коммерциялык эмес уюмдар жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси тарабынан адистештирилген товарларды ташып кирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу майыптыгы бар адамдарды колдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы жана преамбуладагы “289” деген цифралар “268, 289” деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пункттар менен толукталсын:

“11. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесин аныктоочу, ошондой эле КНС төлөөдөн бошотулган майыптыгы бар адамдар үчүн импорттолуучу адистештирилген товарлар боюнча кайрылууларды каттоо, жазуу жүзүндөгү ырастамаларды берүү жана эсепке алуу тартибин бекитүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 2022–2024-жылдары берилген жазуу жүзүндөгү ырастамалар майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын тизмесинде көрсөтүлгөн Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын кодуна жана товардын аталышына шайкеш келген шартта жарактуу деп таанылат;

3) товарларды багыты боюнча пайдаланбоо салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салыктын суммасын кошумча эсептөө менен берилген салыктык жеңилдиктерди жокко чыгарууга алып келет;

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ташып келинген товарларды максаттуу пайдаланууну алар таризделген күндөн тартып эки жыл бою контролдойт.

12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:

1) бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте таризделген жазуу жүзүндөгү ырастама болгондо гана КНС төлөөдөн бошотууну колдонсун;

2) товар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү ырастамасы жок, анын багытын так белгилөөгө мүмкүн болбогон бөлүктөр, элементтер же комплектөөчүлөр түрүндө берилген учурда КНС төлөөдөн бошотууну колдонбосун.”;

3) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев

Тиркеме

"5-тиркеме

Майыптыгы бар адамдар үчүн адистештирилген товарлардын ТИЗМЕСИ(\*)

№

ЕАЭБ ТЭИ ТН

Товардын аталышы

1

3706дан

Дүлөйлөр үчүн сурдокотормосу (жаңдоо тили) жана субтитрлери менен кинофильмдер

2

4901 99 000 0дөн 4911 99 000 0дөн

Брайль рельефтик-чекиттүү шрифти, ошондой эле күчөтүлгөн шрифт менен басып чыгарылуучу адабият (көрүүсү начар адамдар үчүн)

3

6602 00 000 0дөн 9021 10 100 0дөн

Майыптар үчүн ичке таяктар, балдактар жана кол таянгычтар

4

7324 10 000 9дан

Майыптарды тейлөө үчүн жылдырылма жуунгучтар

5

8428 10 200 2ден 8428 10 800 0дөн 8428 90 800 0дөн

Майыптарды тейлөө үчүн көтөргүчтөр

6

8471 80 000 0дөн

8530 10 000 0дөн азиз жөө жүрүүчүлөр үчүн үн коштоочу түзүлүшкө радиоадаптер

7

8504 40 550 0дөн

Угузуучу аппараттарга аккумуляторлорду кубаттоо үчүн түзүлүш

8

8517 11 000 0дөн 8517 69 900 0дөн

Кулагы катуу жана дүлөйлөр үчүн телефондук аппараттар (күчөткүчтөрү, "жүгүрмө саптары" бар аппараттар, "телеавтографтар", телефондук күчөткүч насадкалар ж.б.)

9

8518 50 000 0дөн

Электрдик үн күчөткүч комплекттер, дүлөй жана угуусу начар адамдарды окутуу үчүн жекече жана жамааттык пайдаланылуучу үн күчөтүүчү аппаратура, дүлөй жана угуусу начар адамдар үчүн үн-сөздүү тренажерлор

10

8519 81 150 0дөн 8519 81 210 0дөн 8519 81 250 0дөн 8519 81 350 0дөн 8519 81 450 0дөн 8519 81 550дөн 8519 81 610дөн 8519 81 650дон 5819 81 750дөн 8519 81 810дон 8519 81 850дөн 8519 81 950 9дан

Азиздер үчүн "сүйлөөчү китептерди" жазуу жана уктуруу үчүн техникалык каражаттар

11

8523төн 8523 29 390дон 8523 49 310 0дөн 8523 49 390 0дөн

Кассетага, катушкага же компакт-дискке жазылган "сүйлөөчү китеп"

12

8523 49 510 0дөн 8523 49 590 0дөн 8523 49 990 0дөн

Дүлөйлөр үчүн сурдокотормосу (жаңсоо тили) жана субтитрлери менен кинофильмдер

13

8529 90дон

Дүлөйлөр үчүн жабык субтитрлери менен телеберүүлөрдү кабылдоо үчүн "телетекст" декодерлери

14

8530 10 000 0дөн

Азиз жөө жүрүүчүлөр үчүн үн коштоочу түзүлүш

15

8531ден

Үн сигналдарынын жарык жана дирилдек сигнализаторлору

16

8543 70 800 0дөн

Угузуучу аппараттарды тиричиликтик аппаратурага жана окуу жабдууларына, ж.б. кошуу үчүн адаптерлер

17

8712 00 300 0дөн 8712 00 700 0дөн 8713төн 8713 10 000 0дөн 8713 90 000 0дөн

Майыптар үчүн мотоколяска, майыптар үчүн сейилдөөчү (жол) жана бөлмөлүк вело жана кресло-коляскалар

18

8714 20 000 0дөн

Майыптардын коляскаларынын бөлүктөрү жана тетиктери

19

8716 80 000 0дөн

Интернат үйлөрдө жана үйдө жашаган майыптарды жана улгайган адамдарды тейлөө үчүн ар түрдүү багыттагы арабалар (шейшеп, тамак-аш таратуу, идиш жыйноо ж.б. үчүн), майыптардын жумуш орундарын жабдуу үчүн адистештирилген шаймандар

20

9001 40 410 0дөн 9001 40 490 0дөн 9001 40 800 0дөн 9001 50 410 0дөн 9001 50 490 0дөн 9001 50 800 0дөн

Көрүүсү начар адамдар үчүн линзалар

21

4901

6602

8443

8519

8523

9001

9004

9021

Тифлотехникалык каражаттар, кол менен колдонулуучу лупалар жана электрондук чоңойткучтар, экрандан окуу үчүн программалык камсыздоо

22

9004 90 100 0дөн 9004 90 900 0дөн

Көрүүсү начар адамдардын көрүүсүн коррекциялоо үчүн атайын телескоптук жана микроскоптук көз айнектер жана аларды тандоо каражаттары, тифлотехникалык каражаттар

23

9018 39 000 0дөн

Логопеддик зонддор

24

9019 20 000 0дөн

"Галокамера", "Галокабинет", "Аэрофитокабинет" дарылоо-алдын алуу комплекстери, аэрофитоорнотмолор жана галогенераторлор (ингаляторийлер жана ар кандай түрдөгү жана типтеги ингаляторлор), дем алдыруучу дирилдеткичтер, өпкө үчүн тренажерлор

25

9019 10 100 0дөн 9019 10 900 1ден 9019 10 900 9дан

Майыптарды реабилитациялоо үчүн пайдаланылуучу тренажерлор, тредмилдер жана велоэргометрлер

26

9021 10 100 0

Ортопедиялык шаймандар

27

4008 11 000 0

Жөнөкөй резинадан жасалган пластиналар (майыптар үчүн адистештирилген ортопедиялык бут кийим)

28

4008 21 900 0

Көпшөк эмес резинадан жасалган пластиналар (майыптар үчүн адистештирилген ортопедиялык бут кийим)

29

6115 99 000 0

Мултук бутка перлон байпак

30

6002 40 000 0

Протездерди даярдоо үчүн трикотаж жең

31

3919 10 120 0

Протездөө үчүн поливинилхлоридден жасалган жабышчаак лента

32

3005 90 990 0

Протездөө үчүн чоюлчаак гипс бинттер

33

7019 65 000 9

Протездөө үчүн айнек-нейлондон жасалган трикотаж жең

34

3920 99 520 0

Протездөө үчүн поливинилспирттен жасалган пленка

35

5906 10 000 0

Протездөө үчүн зыгырдан жасалган жабышчаак лента

36

3906 10 000 0

Протездөө үчүн ортокрил чайыры

37

3921 13 900 0

Протездөө үчүн педилин

38

5602 10 900 0

Протездөө үчүн фильц дакрон

39

6815 11 000 0 6815 12 000 0 6815 13 000 0

Протездөө үчүн карбонбулалуу материал

40

3214 10 100 9дан

Протездөө үчүн ортокрил шпатлевка

41

3506 99 000 0

Майыптарды протездөөдө синтетикалык материалдар үчүн клей

42

3814 00 900 0

Майыптарды протездөө үчүн ортокрил чайырын эриткич

43

3304 99 000 0

Майыптарды протездөөдө пайдалануу үчүн тальк

44

3304 99 000 0

Майыптарды протездөө үчүн гипсоизоляциялык крем

45

9609 10 900 0

Майыптарды протездөө үчүн көчүрмө карандаштар

46

3005 90 990 0

Майыптарды протездөө үчүн чоюлчаак гипс бинти

47

8203 10 000 0

Майыптарды протездөө үчүн инструмент

48

6804 22 900 0

Майыптарды протездөө үчүн жылмалагыч гильза

49

9021 31 000 0

Башка жасалма дене бөлүктөрү, жасалма муундар, ортездер жана протездер (негизги түрлөрү)

50

9021 39 100 0

Көз протездери

51

9021 39 900 0

Жасалма дене бөлүктөрү, башкалар

52

9021 40 000 0

Бөлүктөрдөн жана тетиктерден тышкары, угузуучу аппараттар, кохлеардык импланттар жана комплекттөөчүлөр, сурдотехникалык каражаттар

53

9021 90 100 0 9021 40 000 0

8512

8521

Угузуучу аппараттарга кулакка киймелер, угузуучу аппараттардын бөлүктөрү жана тетиктери (угузуучу аппараттарды чыгаруу), угузуучу аппараттар (негизги моделдер), жарык сигнализация системалары

54

9021

Кохлеардык импланттар жана комплекттөөчүлөр, сурдотехникалык каражаттар

55

8517

9021

Жөнөкөй коммуникаторлор, сүйлөө процессору

56

9021 90 900 9

Жүрөк клапандарынын протездеринин бөлүктөрү

57

9102ден

Брайль кол же чөнтөк "сүйлөөчү кол сааттар"

58

9105 11 000 0дөн 9105 19 000 0дөн

Брайль ойготкуч сааттары же "сүйлөөчү ойготкуч сааттар"

59

9402 90 000 0дөн

Төшөктө жаткан оорулуулар үчүн бардык түрдөгү араба-каталкалар, функционалдык керебеттер

60

9404 21 100 0дөн 9404 21 900 0дөн 9404 29 100 0дөн 9404 29 900 0дөн

Теринин бышып кетишинен сактоочу матрацтар

61

9503төн 9504 90 800 9дан

Азиздер үчүн оюнчуктар жана оюндар

62

2526 20 000 0дөн

"Отто Бокк" талькы

63

2916 32 000дөн

Порошок-катыргыч

64

2929 10 000дөн

Педилен үчүн катыргыч

65

3005 90 310 0дөн

Чоюлчаак гипс бинти

66

3208 20 100 0дөн

Ортокрил чайыры

67

3208 90 990 0дөн

НЦ-598 лагы (нитроцеллюлозалык)

68

3214 10 900 0дөн

Ортокрил шпатлевкасы

69

3214 10 900 0дөн

"Акеми" тез байлоочу шпатлевкасы

70

3506 10 000 0дөн

"Отто Бокк" контакттуу клейи

71

3919 10 800 0дөн

Жабышчаак лента

72

3920 10 890дон

Полиэтиленден жасалган листтер

73

3920 99 590 0дөн

Полимерден жасалган листтер

74

3920 99 900 0дөн

ОД мультиколору (каптоочу декор)

75

3921 12 000 0дөн

Көпшөк поливинилхлоридден жасалган тилкелер

76

3921 13 100 0дөн

Пластазот

77

3921 13 900 0дөн

Ортопедиялык бут кийим үчүн "Медиорт" плиталары

78

3921 19 000 0дөн

Педилин

79

5602 10 380 0дөн

Фильц дакрон

80

6002 90 000 0дөн

Трикотаж чоюлчаак полотно

81

6003 30 900 0дөн

Перлон трикотаж жең

82

6114 20 000 0дөн

Мултук бутка кебез чехолдор

83

6114 90 000 0дөн

Мултук бутка жарымы жүндөн жасалган чехолдор

84

6805 10 000 0дөн

Жылмалагыч гильза

85

7019 90 009 5тен 7019 90 009 9дан

Айнек-нейлондон жасалган трикотаж жең

86

7318 15 900 8ден

Болот бурамалар

87

7318 19 000 8ден

Дат баспаган болоттон жасалган пластиналар

88

7318 29 000 8ден

Эки тешиги бар пластиналар

89

7415 29 000 0дөн

Жез бөрктөр

90

7318 14 990 0дөн

Бандаж үчүн розетка

91

7326 90 940 9дан

Металл планшеткалар

92

8308 90 000 0дөн

Болот тогоолор

93

8203төн

Протездөө үчүн инструменттер

94

6406 20 900 0дөн

Полимер материалдан жасалган тамандар

95

8443 32 100 9дан

Брайль шрифти үчүн принтер

96

4802ден

Брайль боюнча басып чыгаруу үчүн кагаз

97

8472 90 920 0дөн 8472 90 930 0дөн

Брайль басып чыгаруучу электр машинкалары; брайль басып чыгаруучу машинкалар, башкалар

98

3920 62 900 9дан

Калыңдыгы 0,35 мм ашкан, полиэтилентерефталаттан жасалган тешиктүү эмес жана арматураланбаган, катмарланбаган, кошумчасыз жана башка материалдар менен ушуга окшош бириктирилбеген плиталар, листтер, пленкалар жана тилкелер же ленталар, башкалар (сополиэстер)

99

3907 30 000 9дан

Эпоксиддик чайырлар, башкалар

100

6307 90 980 0дөн

Башка даяр буюмдар, анын ичинде кийим үлгүлөрү

101

5603 93 900 0дөн

Бетинин тыгыздыгы 70 г/м2ден ашык, бирок 150 г/м2ден көп эмес сиңирилген же сиңирилбеген, капталбаган, кайталанган же кайталанбаган токулбаган материалдар, башкалар, (фильцтер)

102

3909 20 000 0дөн

Баштапкы формадагы меламин чайырлары

103

7318 15 110 0дөн

Калыңдыгы 6 ммден көп эмес кесилиштеги өзөктөрдөн, профилдерден же зымдан жасалган бурамалар

104

8203 10 000 0дөн

Өгөөлөр, кичинекей өгөөлөр, ири тиштүү өгөөлөр жана ушул сыяктуу инcтрументтер (ири тиштүү өгөө үчүн миз)

105

3906 90 900 7ден

Баштапкы формадагы башка акрил полимерлери (акрил чайыры)

106

6815 12 000 0дөн

Көмүртек буласынан жасалган кездеме (көмүртек кездеме)

107

3907 29 900 9дан

Полиацеталдар, жөнөкөй башка полиэфирлер (Formousse 200 Resin көбүгү)

108

3909 31 000 0дөн

Башка амино-альдегид чайырлары: полиметиленфенилизоцианат (чийки МДИ, полимер МДИ) (катыргыч)

109

3407 00 000 0дөн

Калыптоо үчүн пасталар, анын ичинде балдар үчүн калыптоо пластилини; "тиш дарыгердик мому" же чекене сатуу үчүн топтомго, таңгакка же плита түрүндө, така түрүндө, брускада же ушуга окшош формаларда фасовкаланган тиштердин калыптарын алуу үчүн курамдар; гипстин негизинде (кальцийленген гипс же кальций сульфаты) тиш дарыгеринин максаты үчүн башка курамдар (скульптуралык пластилин)

110

3926 90 970 9дан

Пластмассадан жасалган башка буюмдар жана 3901-3914 товардык позициялардагы башка материалдардан жасалган буюмдар (рант)

111

3306 10 000 0дөн

Тиштерди тазалоо үчүн каражаттар (ГОИ пастасы)

112

7326 90 940 9дан

Штампталган кара металлдан жасалган башка буюмдар, башкалар (планшеткалар)

113

3505 20 500 0дөн

55 мас. % же андан көп, бирок 80 мас. % кем эмес крахмалдарды же декстриндерди же башка модификацияланган крахмалдарды камтыган клейлер (клей)

Эскертүү: (\*) Бул товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча товардын кодун, ошондой эле товардын аталышын жетекчиликке алуу зарыл. Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын коду көрсөтүлбөгөн ушул Тизмеде келтирилген товарлар бажылык тариздөөдө классификацияланат.".
