Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 „Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 22-сентябры № 598 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик идентификациялык системанын бүтүндүгүн, автоматташтырылган мамлекеттик жана коммерциялык маалыматтык системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу, идентификациялык жеке номеринин (ИЖН) жана идентификациялык салык номеринин (ИСН) түзүмүндө биринчи разряддардын окшош маанилерин пайдаланууга байланыштуу келип чыккан ченемдик жана техникалык коллизияларды жоюу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:
– 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ж – жынысы (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн: 1 – аял, 2 – эркек);”;
– төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
“4 – чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга ыйгарылган идентификациялык жеке номерлерди айырмалоо белгиси;”.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси автоматташтырылган маалыматтык системаларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.04.2025 · № 207