# Беловодск айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 150 “Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2023-жылдын 3-кварталында аткарылган иштери тууралуу” токтому

- Толук аталышы: Беловодск айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 150 “Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2023-жылдын 3-кварталында аткарылган иштери тууралуу” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 150
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032569>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45210/edition/38489/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032569.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Беловодск айылдык кеңешинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 150 “Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2023-жылдын 3-кварталында аткарылган иштери тууралуу” токтому (19.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032569

---

БЕЛОВОДСК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 19-октябрындагы № 150

“Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2023-жылдын 3-кварталында аткарылган иштери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн маалыматы эске алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнө:

- укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.

- Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесине ылайык квартал сайын балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат айылдык кеңеште каралып турсун.

3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаевге жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

Урманбетов А.Т
