Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Беловодск айылдык кеңешинин “Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2023-жылдын 3-кварталында аткарылган иштери тууралуу” токтому
БЕЛОВОДСК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 19-октябрындагы № 150
“Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2023-жылдын 3-кварталында аткарылган иштери тууралуу” Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесинин негизинде Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу социалдык суроолор боюнча бөлүмүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча бөлүмүнө:
- укук коргоо органдары, райондук билим берүү бөлүмү, социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте укук бузууларды, суициддерди, балдарга карата үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар системалуу жүргүзүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын Балдар Кодексинин 20-беренесине ылайык квартал сайын балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат айылдык кеңеште каралып турсун.
3. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстициясынын Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Дубанаевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
Урманбетов А.Т
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө кодексиКодекс · 07.08.2006 · № 151 · Күчүн жоготкон