# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетин кабыл алуу жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетин кабыл алуу жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 659
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032543>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45202/edition/38460/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032543.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетин кабыл алуу жөнүндө» токтому (10.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032543

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 10-октябры № 659

Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетин кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 99-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети (мындан ары – республикалык бюджет) тиркемеге ылайык кабыл алынсын.

2. Республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине анын жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде бекитүүгө киргизилсин.

3. Республикалык бюджетти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде сунуштоо Кыргыз Республикасынын финансы министрине жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
