# Үч-Терек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 201 "Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 201 "Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032540>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-45191/edition/38458/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 201 "Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө" токтому (18.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032540

---

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 18-декабрындагы № 201

Кара-Суу участкасынан 0,15 га жер участогуна подстанция куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө Кайнама ГЭС» жоопкерчилиги чектелген коомуна подстанция куруу үчүн, Кара-Суу участкасындагы №4305 контурдагы 0,15 га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек жайыт комитетинин башчысы К.Сыргабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы ПЖ №3 «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 « Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамына ылайык, «Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:

1. Подстанция куруу үчүн «Кара-Суу» участкасындагы №4305 контурдагы 0,15 га жайыт жер аянтынын багытын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Подстанция куруу үчүн бөлүнгөн жайыт жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге, жер боюнча башкы адис М.Келгенбаевке жүктөлсүн.

4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Дөөлөткелдиев
