# КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 199-т ("Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик менчикке кабыл алуу тууралуу) тескемеси

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 199-т ("Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик менчикке кабыл алуу тууралуу) тескемеси
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 199-р
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.04.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19585/edition/38348/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 199-т ("Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун акцияларынын мамлекеттик менчикке кабыл алуу тууралуу) тескемеси (25.04.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032426

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2023-жылдын 25-апрели № 199-т

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын номиналдык наркы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке белгиленген тартипте өткөрүп берүү сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:

- "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын мамлекеттик менчикке кабыл алсын;

- "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 58-беренесине ылайык "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун аткаруу органынын ыйгарым укуктарын "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
