# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 271 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 271 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 271
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-10941/edition/38274/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ № 271 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (26.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032351

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2025-жылдын 26-сентябры ПЖ № 271 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жөнүндө жободо:

– 9-пункттун жетинчи абзацындагы “Мыйзамын” деген сөз “конституциялык Мыйзамын” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 12-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– Улуттук комиссиянын ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Улуттук комиссияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы, ошондой эле Улуттук комиссияда жана анын ведомстволук мекемелеринде коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;”.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 74 (3730) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
