# Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 98 "Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 "ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 98 "Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 "ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230032206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-44991/edition/38140/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230032206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 27-декабрындагы № 98 "Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 "ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230032206

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

2023-жылдын 27-декабры № 98 Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 "ХХVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамын, Бишкек шаардык кеңешинин регламентин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Усубалиев Таалайбек Болотбекович жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.

2. Бишкек шаардык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 4 "XXVIII чакырылыштагы Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана төрагаларынын орун басарларын бекитүү жөнүндө" токтомунун тиркемесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

6 – пункттун 3 – абзацындагы "Сатыбалдиева Гульнара Терекбаевна" деген сөздөр "Усубалиев Таалайбек Болотбекович" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмдө калтырам.

Төрагасы

К. Конгантиев
