Кыргыз Республикасынын Президентинин ПТ № 203 (Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесине өзгөртүү киргизүү тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 24-июну ПТ № 203
Санариптик трансформациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи, үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарларын (коргоо, коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо) дайындоого сунуштар мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрдык резервдеги талапкерлердин ичинен электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан киргизилет. Мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн кадрдык резервди түзүү жана анын иштөө тартиби электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.".
2. Электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине мамлекеттик органдын жетекчисинин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарын (коргоо, коомдук тартипти жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо) кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштаманы киргизүү укугу берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул тескемеге ылайык келтирсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы ПТ №103 (Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 14.06.2023 · № 103